Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда өтүп жаткан футбол боюнча «Мурас» достук турниринин биринчи күнү аяктады.
Бүгүн, 14-декабрда, 16 команданын ортосунда чейрек финалга чыгуу мүмкүнчүлүгүн алуу үчүн тайпалык оюндар өттү.
Анын жыйынтыгында турнирдин кийинки баскычына 8 команда өттү.
Эртең, 15-декабрда, «Газпром балдарга» дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо спорт комплексинде төмөндөгү командалардын плей-офф баскычындагы беттештери өтөт:
— «Президенттин командасы» — «Элчилер»;
— «Спорт Жылдыздары» — «Спорттук федерациялар»;
— «Коопсуздук» — «Ден-Соолук»;
— «Ыйман» — «Достук».
Иш-чара саат 10:00дө башталат.
Оюндар УТРКнын Спорт телеканалы жана социалдык тармактар аркылуу түз эфирде чагылдырылат.