Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Аскердик институтун күтүүсүз текшерүүгө алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 20-декабрда, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Советтер Союзунун Баатыры, генерал-лейтенант К. Үсөнбеков атындагы Аскердик институтун күтүүсүз текшерүүгө алды.

Мамлекет башчысы өлкөнүн жогорку аскердик окуу жайынын ишмердүүлүгү жана абалы, окуу процессинин уюштурулушу, аскер кадрларын даярдоо методикасы, аскердик кызматтын коопсуздугу жана курсанттардын социалдык-турмуштук шарттары менен таанышты.

Текшерүүнүн жыйынтыгында Президент Садыр Жапаров, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, профессордук-окутуучулук курамдын жогорку кесиптик билимин жана компетенттүүлүгүн камсыз кылуу, аскердик уставдын талаптарын так сактоо жана аткаруу, ошондой эле, Аскердик институтунун курсанттарынын социалдык-турмуш шарттарын жакшыртуу маселелерин тез арада чечүү сыяктуу бир катар тапшырмаларды берди.

2022-жыл 20-декабрь