Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов Казакстан Республикасына иш сапарынын алкагында Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин кабыл алуусунда болду.
Жолугушууга ошондой эле, Түркия Республикасынын мурдагы Президенти Абдуллах Гүл, Монголиянын мурдагы Президенти Намбарын Энхбаяр дагы катышышты.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов Касым-Жомарт Токаевди кайрадан Казакстан Республикасынын Президенти болуп шайланышы менен куттуктап, Казакстанда болуп жаткан реформаларды кубаттады.
Казакстандын Мамлекет башчысы конокторду 20-21-декабрда, Астана шаарында өткөн биринчи Борбор Азия медиа форумуна катышып бергени үчүн терең ыраазычылык билдирди.
Ал ар тараптуу кызматташтык жана маданий иш-чаралар өлкөлөр ортосундагы достукту, ынтымакты чыңдай тургандыгын баса белгиледи.
Мындан тышкары жолугушууда Казакстан Республикасынын Президенти менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы кыргыз-казак достугу, эки элдин маданияты, өз ара бир туугандык алакасы боюнча пикир алмашышты.
Эскерте кетсек, өткөн жумада Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстандын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетовду 2-даражадагы достук ордени менен сыйлоо жөнүндө буйрукка кол койгон.