Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Жаңы жылдык кайрымдуулук акциясына Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева катышты

Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева бүгүн, 29-декабрда Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейи тарабынан уюштурулган жаңы жылдык кайрымдуулук акциясына катышты.

Иш-чарага К. Тилебалиев атындагы Панфилов мектеп-интернатынын тарбиялануучулары жана Бишкектин улгайган жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн жалпы типтеги социалдык-стационардык мекемесинин жашоочулары катышты.

Улуттук тарых музейинин директору Жылдыз Бакашова иш-чараны ачып жатып, бардык катышуучуларды кубаныч тартуулоого жана келе жаткан Жаңы жылга карата майрамдык маанай тартуулоого аракет кылышканын белгиледи.

Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун атынан окуучуларды жаңы жылы менен куттуктап, аларга ден соолук жана бакубатчылык каалады.

Иш-чаранын алкагында иллюзионисттердин, жонглёрлордун, А. Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин оригиналдуу жанр артисттеринин, “Джаз” бий тобунун ырчыларынын жана бийчилеринин мыкты номерлери уюштурулду.

Концерттик программадан кийин чакырылган катышуучуларга музейдин туруктуу экспозициялык залы боюнча экскурсия болду.

2022-жыл 29-декабрь