Казакстан Республикасынын Президенти Касым Жомарт-Токаев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жылы менен куттуктады.
«Келе жаткан Жаңы 2023-жыл менен чын жүрөктөн куттуктоолорумду кабыл алыңыз! Сизге бакубатчылык жана бир тууган Кыргызстандын элинин жыргалчылыгы үчүн жаңы ийгиликтерди каалайм», - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.