Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жылы менен куттуктады.
«Сиздерди кирип келген Жаңы 2023-жылыңыздар менен чын дилимден куттуктайм. Сизге бекем ден соолук, бакыт-таалай жана жооптуу мамлекеттик ишиңизде чоң ийгиликтерди, ал эми Сиздин өлкөңүздүн бир тууган элине бакубатчылык жана мындан аркы прогрессти каалайм. Жаңы жыл баарыбыз үчүн жыргалчылыктын жана жаңы жетишкендиктердин жылы болсун!», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.