Египет Араб Республикасынын Президенти Абдель Фаттах Аль Сиси Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жылы менен куттуктады.
«Бүткүл дүйнө Жаңы жылдын келишин майрамдап жаткан учурда, ушул кубанычтуу мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Сизге жана Сиздин дос элиңизге чын дилимден куттуктоомду жана эң жакшы каалоолорумду жолдойм, 2023-жыл дүйнөдөгү бардык элдер үчүн жакшылыкка жана гүлдөп-өнүгүүгө толгон жыл болсун.
Жаңы жыл жаңы үмүттүн жылы болушун жана эл аралык коомчулуктун нукура эрки жана ак ниетинин аркасында бардык пикир келишпестиктерди четке кагып, биз өзүбүздүн асыл максаттарыбызга — чыр-чатактарсыз жана кысымдарсыз, ынтымакта жана сабырдуулукта бардык элдер жанаша жашаган тынчтыкка жетишин каалайм.
Ошондой эле келерки жылы эки тараптуу мамилелерди конструктивдүү кызматташуу аркылуу мындан ары да чыңдоо боюнча дагы конкреттүү кадамдарды жасай алабыз деп ишенем.
Урматтуу Президент, сиздин бакубаттуулугуңуз жана Кыргыз Республикасынын дос элинин жаркын келечеги үчүн чын дилден тилеген тилегимди кабыл алыңыз!», - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.