Ирак Республикасынын Президенти Абдул Латиф Рашид Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жылы менен куттуктады.
«Ирак элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан кирип келген Жаңы жылыңыздар менен чын дилимден куттуктайм жана эң жакшы каалоолорумду жолдойм. Жараткандан Сиздин мамлекетиңизге жана элиңизге тынчтыкты, бакубатчылыкты жана гүлдөп өнүгүүнү тилейм!», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.
Абдул Латиф Рашид достук мамиледеги эки мамлекеттин жана эки элдин жыргалчылыгы үчүн бардык деңгээлдеги мамилелерди өнүктүрүүгө болгон күч-аракетин жумшоого даяр экенин белгиледи.