Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Айбек Айдарбеков Новосибирск шаарындагы Кыргызстандын Башкы консулу болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун кол койгон Жарлыгына ылайык, Айдарбеков Айбек Акматбекович Россия Федерациясынын Алтай Республикасынын, Алтай крайынын, Кемеров, Новосибирск, Омск жана Томск облустарынын аймактарын камтыган консулдук округу менен Новосибирск шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулу болуп дайындалды.

2023-жыл 12-январь