Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Садыр Жапаров Пакистандын Премьер-министри Шахбаз Шарифке мечитте адамдардын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты

“Ушул жылдын 30-январында Пакистан Ислам Республикасынын Пешавар шаарынын мечиттеринин биринде болгон жардыруунун кесепетинен адамдар каза болду деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Жалпы Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Пакистан элине, ошондой эле каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана туугандарына көңүл айтам. Жарадар болгондордун тезирээк сакайып кетишин каалайм. Бул орду толгус жоготуунун аза кайгысын тең бөлүшөм”, - деп айтылат Мамлекет башчысынын телеграммасында.

2023-жыл 31-январь