Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов Сталинграддагы жеңиштин 80 жылдыгына арналган иш-чарага катышты

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов бүгүн, 2-февралда,  Сталинград салгылашуусунда фашисттик аскерлердин  талкаланышынын 80 жылдыгына арналган иш- чарага катышты.

 Мамлекеттик катчы менен кошо Кыргыз Республикасынын Коргоо министри, Россия Федерациясынын жана Беларусь Республикасынын Кыргызстандагы элчилери «Жеңиш» аянтындагы  Өчпөс отко гүлчамбар коюшту.

 Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов Улуу Ата Мекендик согуштагы кыргыз жоокерлеринин эрдиктерине токтолду.

 Ал эзелтен кыргыз элинин баатырдыгына карата  «чептен эрдин күчү бек» деген сөз айтыларын,  салгылашта фашисттик аскерлерди талкалоодо көп улуттун өкүлдөрү биргелешип жеңишке жеткенин кошумчалады.

 Маалым болгондой, 1943-жылдын 2-февралы Сталинград салгылашуусунда фашисттик аскерлер жок кылынган күнү катары белгиленип келет.

 

2023-жыл 2-февраль