Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Борбор Азия мамлекеттеринин лидерлери менен Кытайдын Төрагасы Сиань шаарындагы Достук аллеясына көчөт отургузушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 19-майда, Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери жана Кытайдын Төрагасы Си Цзиньпин менен бирге Сиань шаарындагы Достук аллеясына көчөттөрдү отургузду.

Салтанат биринчи “Борбор Азия - Кытай” Саммити аяктагандан кийин болуп өттү.

Мамлекет башчылары анар көчөттөрүн отургузуп, эстеликке сүрөткө түштү.

2023-жыл 19-май