Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Заир Чокоев жана Манас Жакыпов Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров буйрукка кол койду, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 5-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык Чокоев Заир Линарович жана Жакыпов Манас Жакыпович Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды.

Мамлекет башчысынын башка буйругу менен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 5-бөлүгүнүн 2-пунктуна жана “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 65-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык, Момункулова Мээрим Авасбековна жана Тезекбаева Айнура Сарылбековна Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары кызматынан бошотулду.

2021-жыл 10-ноябрь