Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Алмазбек Балташов Кара-Көл шаарынын мэри кызматынан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 47-беренесинин 3-бөлүгүнүн 11-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн сунушунун негизинде Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын мэри Балташов Алмазбек Шукуралиевич ээлеген кызматынан бошотулду.

2022-жыл 29-июнь