Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Коргоо министри Бактыбек Бекболотовго  катуу сөгүш берилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартип уставы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 7-августундагы № 116 Мыйзамы менен кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартип уставынын
75-пунктунун б пунктчасына ылайык жүктөлгөн милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын коргоо министри Бекболотов Бактыбек Асанкалиевичке катуу сөгүш берилди.

 

2022-жыл 19-август