Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Жаныбек Изибаев Министрлер Кабинетине караштуу Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттигинин директору кызматынан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Изибаев Жаныбек Аскарович берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулду.

2022-жыл 24-сентябрь