Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Толкунбек Абдыгулов ЭВФтин аткаруучу директорунун Кыргыз Республикасынан кеңешчиси кызматынан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 6-бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович Кыргыз Республикасынын Эл аралык валюта фондунун аткаруучу директорунун Кыргыз Республикасынан кеңешчиси кызматынан бошотулду.

Мындай чечимге КР Улуттук банкынын төрагасы Кубанычбек Боконтаевдин сунушу негиз болду.

2023-жыл 23-март