Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 47-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Джумаев Эрмат Джумаевич мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Талас облусунун Талас шаарынын мэри болуп дайындалды.