Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2016-жылдын 30-ноябрында кабыл алынган.
Мыйзамдын максаты – системдик мамиленин негизинде, аны жаңы сапаттык деңгээлде структуралаштыруу, модернизациялоо жана оптимизациялоо, ошондой эле банктык мыйзамдардарда топтолуп калган карама-каршылыктарды, коллизияларды жана кемчиликтерди четтетүү үчүн банктык мыйзамдарды кайра карап чыгуу жана тартипке келтирүү.
Кабыл алынган мыйзам боюнча банк ишмердигин жөнгө салган төмөнкү негизги банктык мыйзамдарды бирдиктүү ченемдик укуктук актыга бириктирүү каралган: “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын банктар жана банк иштери жөнүндө”, Чет элдик валютадагы операциялар жөнүндө”, “Банк сыры жөнүндө”, “Банкты консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө”.
Бул мыйзамдарды бирдиктүү мыйзамга бириктирүүнүн натыйжасында банкты түзүүдөн баштап, бул иштин өзгөчөлүктөрүн, банкты жоюуга чейинки банк иштерин жөнгө салуунун бардык нормалары бир ченемдик укуктук актыга киргизилет.
Мыйзам бардык банктык укуктук мамилелердин катышуучуларынын бири бири жана тышкы субьектилер менен мамилесиндеги так укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин орнотот, ошондой эле банктык көзөмөлдүн, анын ичинде консолидациялык негизде, өз убагында болуусун камсыз кылат жана анын натыйжалуулугун жогорулатат.
Ошону менен бирге “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке киргизүү тууралуу” мыйзамга да кол коюлду.
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2016-жылдын 30-ноябрында кабыл алынган.
“Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен чогуу иштелип чыккан жана бул мыйзамды ишке киргизүүнүн мөөнөттөрү жана тартибин белгилейт, “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын оптималдуу аткаруу үчүн бир катар мыйзамдарды, айрым өткөөл жоболорду күчүн жоготту деп табууну, ошондой эле Кыргыз Республикасынын иштеп жаткан айрым мыйзамдарына түзөтүүлөрдү киргизүүнү көздөйт жана “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерин Кыргыз Республикасынын Жарандык Кодексинин жана башка мыйзамдардын ченемдери менен гармонизациялоого багытталган.
Мыйзам “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.