Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын 2015-жылдагы республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Мыйзамды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2016-жылы 30-ноябрда кабыл алган.
Кабыл алынган мыйзам менен Кыргыз Республикасынын 2015-жылдагы республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчет кирешелер боюнча (атайын каражаттарды кошкондо) 113, 9 млрд сом өлчөмүндө, чыгымдар боюнча 120,4 млрд сом өлчөмүндө, чыгымдардын кирешелерден 6,5 млрд сомго ашып кетиши менен бекитилди.
Мыйзам расмий жарыялангандан 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.