Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев, бүгүн 28-декабрда кол койгон Жарлыкка ылайык, кайраттуулугу, эрктүүлүгү, оор турмуштук кырдаалда адамдын татыктуу жашоого жана үзүрлүү эмгекке умтулуусунун зор үлгүсүн көрсөткөндүгү, ошондой эле кесиптик ишиндеги жетишкендиктери үчүн «Даңк» медалдары менен сыйлансын:
- «Талыкпас-Ата» майыптардын коомдук бирикмесинин жетекчиси Абдылдаев Турсунбек Абдыкасымович;
- «Тумар» бий тобунун катышуучусу Адина Самыйбек кызы;
- Нарын облусунун Ат-Башы районунун тургуну Үсөнкожоев Рахатбек Таштанбекович.