Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Стамбул шаарындагы ТМКК саммитинин жыйынтыгы боюнча «Түрк дүйнөсүнүн көз карашы – 2040» документин кабыл алуу чечимине кол коюлду

Бүгүн, 12-ноябрда, Стамбулда Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) катышуучу-өлкө башчыларынын сегизинчи Саммитинин алкагында президенттер. “Түрк дүйнөсүнүн көз карашы - 2040» документин кабыл алуу чечимине кол коюшту.

Түрк дүйнөсүнүн көз карашы 2040 – бул стратегиялык документ. Ал түрк тилдүү мамлекеттердин жакынкы жыйырма жылдыкта артыкчылыктуу багыттарда, атап айтканда, коопсуздук, транспорт жана бажы, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар, энергетика, туризм, саламаттыкты сактоо, экология, айыл чарба маданият, билим жана илим, жаштар жана спорт, диаспоралар менен иштөө ж.б. тармактардагы кызматташуусун тереңдетүү боюнча «жол картасы» болуп саналат.

2021-жыл 12-ноябрь Стамбул