Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Ысыккөл» экологиялык-экономикалык тутумун өнүктүрүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2013-жылдын 12-сентябрында кабыл алынган.
Мыйзамдын максаты – «Ысыккөл» экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүүнүн укуктук тартибин күчөтүү.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.