Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2016-жылдын 20-январында кабыл алынган.
Мыйзам жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо процессин өркүндөтүүгө багытталган жана 2015-жылы Жогорку Кеңешке шайлоодо өзүн актаган биометриялык маалыматтардын, шайлоочулардын электрондук тизмелеринин жана добуштарды автоматтык түрдө санаган үкөктөрдүн негизинде инновациялык технологияларды пайдаланууну көздөйт.
Аталган мыйзам Кыргыз Республикасынын Президентинин 2015-жылы 11-декабрдагы Жарлыгы менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча жумушчу топтун сунуштарын эске алуу менен Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынды. Жумушчу топко Жогорку Кеңештин депутаттары, Президенттин жана Өкмөттүн Аппараттарынын, БШКнын, Мамкаттоо кызматынын, Юстиция министрлигинин, Финансы министрлигинин, Башкы прокуратуранын, жергиликтүү кеңештердин, акыркы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы боюнча Жогорку Кеңешке өтпөй калган партиялардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү кирет.
Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.