Ренат Тулебердиев Кыргызстандын Түркиянын Стамбул шаарындагы Башкы консулу кызматынан бошотулду
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 24 -февралда, башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Тулебердиев Ренат Темирбековичти Кыргызстандын Түркиянын Стамбул шаарындагы Башкы консулу кызматынан бошотуу тууралуу Жарлыкка кол койду.