Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

“Манас” эл аралык аэропортунун жабдууларын жакшыртуу” долбоору боюнча Гранттык макулдашуу ратификацияланды

Кыргыз Республикасынын  Президенти Алмазбек Атамбаев  “2015-жылдын 26-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган «Манас» эл аралык аэропортунун жабдууларын жакшыртуу» долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония Өкмөтүнүн Алмашуу ноталарын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2016-жылдын 10-мартында кабыл алынган.

«Манас» эл аралык аэропортунун жабдууларын жакшыртуу» долбоорунун ишке ашуусу артыкчылык милдеттерди чечүүгө өбөлгө түзүп, биринчи кезекте учуулардын коопсуздугун арттырууга зарыл шарттарды жаратат,  ошондой эле “Манас” эл аралык аэропортунда жүргүнчүлөр менен авиакомпанияларды тейлөө үчүн жагымдуу шарттарды түзөт.

Мыйзам расмий жарыялангандан он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2016-жыл 19-март