Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “2015-жылдын 15-июнунда кол коюлган Евразия экономикалык коомдоштугунун Кризиске каршы фондунун каражаттарын башкаруу жөнүндө 2009-жылдын 9-июнундагы Макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2016-жылдын 14-апрелинде кабыл алынган.
Протоколдун максаттары:
- Евразия экономикалык коомдоштугунун Кризиске каршы фондун (ККФ) Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду деп кайра атоо ;
- ККФ Катчылыгынын функцияларын Евразия өнүктүрүү банкына (мындан ары – ЕАӨБ) жүктөө;
- ККФ Депозитарийинин функцияларын Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигине (ал да ЕАӨБ Депозитарийи болуп саналат) жүктөө.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.