Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2016-жылдын 18-майында кабыл алынган.
Мыйзам 2012-жылы 22-февралда кабыл алынган “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө” №7-Мыйзамга төмөндөгүлөрдү камтыган өзгөртүүлөрдү киргизет:
- түшүнүк аппаратын тактоо;
- мамлекеттик өнөктөр тарабынан сунуш кылынган МЖӨ долбоорун жана жана тендердик документтерди демилгелөө тууралуу сунуштарды бекитүү Өкмөттүн ыйгарым укуктарынан чыгарылды;
- мамлекеттик өнөктөр тарабынан сунуш кылынган МЖӨ долбоорун баалоо жана бекитүү, ошондой эле МЖӨ долбоорун илгерилетүү жана коштоо МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына кирет;
- тендердик документтерди жана андагы өзгөртүүлөрдү бекитүү тобокелдиктерди башкаруу боюнча мамлекеттик органдын компетенциясына кирет;
- МЖӨ долбоорунун каржылык кудуреттүүлүгүн камсыз кылуу максатында анын минималдык кирешелүүлүгүнө кепилдик берүү, - МЖӨ долбоорун ишке ашыруу үчүн тартылуучу каражаттар боюнча валюталардын алмашуу курстарынын жана/же пайыздык ставкалардын мүмкүн болуучу өзгөрүүлөрүнө карата кепилдиктерди берүү менен жеке өнөктөргө жана/же долбоорлоо компаниясына берилүүчү мамлекеттик каржылык колдоонун түрлөрүн кеңейтүү;
- “МЖӨ долбоорун издөө жана демилгелөө” стадиясына төмөндөгүлөр кирет: а) мамлекеттик өнөк тарабынан потенциалдуу долбоорду алдын ала баалоону (тандалып алынган инфратүзүм объектине МЖӨ колдонуунун максатка ылайыктуулугунун негиздемесин, долбоорго карата минималдык талаптарды, мамлекеттик каржылык жана/же мамлекеттик эономикалык колдоону жана мамлекеттик кепилдиктерди берүүнүн түрлөрүн жана шарттарын, ошондой эле МЖӨ чөйрөсүндөгү тиешелүү ченемдик укуктук актыларда каралган башка документтерди); б) демилгеленген МЖӨ долбоору мамлекеттин кызыкчылыктарына жооп бергендигинин негиздемесин даярдоо;
Мамлекеттик өнөк тарабынан ишке ашырылуучу МЖӨ долбоорун даярдоо төмөнкүлөрдү камтыйт: - а) МЖӨ долбооруна карата талаптарды аныктоо жана аны ишке ашырууда каржылык, социалдык, экономикалык натыйжаларды жана мүмкүн болгон тобокелдиктерди баалоо; б) тендерди өткөрүүнүн тартибин, критерийлерин, тендердик докмунттерди, анын ичинде мүмкүн болгон натыйжаларды жана каржылоо механизмдерин аныктоо. МЖӨ долбоорун даярдоо стадиясында тендердик документтер тобокелдиктерди башкаруу боюнча мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
- 3 стадиядан турган жеке өнөктү тандоо жана тендерди өткөрүү процедурасына: алдын ала талдоо; жеңүүчүнү аныктоо; МЖӨ жөнүндө макулдашууну түзүү кирет. Тендердик комиссия баштапкы тандоого катышуучу тендердин катышуучусунун квалификациясын 15 календардык күндүн ичинде баалоосу каралган, аракеттеги мыйзам боюнча буга 30 күн кетчү;
- мамлектеттик орган жеке өнөктүн сунушун 30 календардык күндүн ичинде кабыл алууга же четке кагууга милдеттендирилет, аракеттеги Мыйзамда бул мөөнөт 60 күнгө созулчу;
- жеке өнөктү тандоого байланыштуу талаштарды “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте чечүү мүмкүнчүлүгү каралат.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.