Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Чүй областынын Сокулук районунун Гавриловна айыл аймагындагы Жыламыш айылын Жангарач айылына өзгөртүп атоо жөнүндө Мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Рсспубликасынын Чүй областынын Сокулук районунун Гавриловна айыл аймагындагы Жыламыш айылын Жангарач айылына өзгөртүп атоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2016-жылдын 9-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын долбоору Жыламыш айылынын жашоочуларынын кайрылууларынын негизинде жана “Кыргыз Республикасынын административдик-территориялык түзүлүшү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган эрежелерге жана жол-жоболорго ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан даярдалган.

Кыргыз Республикасынын Чүй областынын Сокулук районунун Гавриловна айыл аймагындагы Жыламыш айылы 1919-жылга чейин Жангарач айылы деп аталган. Кийинчерээк ал Чапаев, андан соң – Жыламыш айылы деп кайра аталган. Муну Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик архивинин материалдары тастыктап турат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

 

2016-жыл 20-июль