Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 22-декабрындагы "Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агентствосу жөнүндө" Жарлыгына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 22-декабрындагы "Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агентствосу жөнүндө" Жарлыгына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына  толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу” Жарлыкка кол койду.

Толуктоолор жана өзгөртүүлөр "Кабар" кыргыз улуттук маалымат агентствосунун ишин мындан ары жакшыртуу максатында кабыл алынды.

"Кабар" кыргыз улутгук маалымат агентствосунун иши маалымат чөйрөсүндөгү чакырыктарга ыкчам жооп берүүгө, мамлекеттик маалыматты таркатуу системасын түзүүгө, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарына мамлекеттик органдардын иши тууралуу ыкчам жана сапаттуу маалыматтарды алуусуна көмөктөшүү жагында мамлекетгик органдардын маалымат кызматтары менен өз ара аракеттенүүгө багытталат.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2016-жыл 20-июль