Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси жөнүндө келишимге кол коюуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамга кол койду.
Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 21-февралында кабыл алынган.
Бул Мыйзам Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларынын жоболорун Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексине ылайык келтирүү максатында кабыл алынган.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.