Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы техникалык жана финансылык кызматташтык жөнүндө Өкмөттөр аралык Макулдашуу ратификацияланды 

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «2018-жылдын 13-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2017-2018-жылдарга финансылык кызматташтык жөнүндө Макулдашууну жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2017-2018-жылдарга техникалык кызматташтык жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Мыйзамга кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 20-мартында кабыл алынган.

Аталган макулдашуулардын алкагында Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө эки тараптуу финансылык жана техникалык кызматташтык үчүн 40,1 млн. евро өлчөмүндө гранттык каражаттар берилет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2019-жыл 5-апрель