Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2020-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду.
Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2022-жылдын 9-мартында кабыл алынган.
Бул Мыйзамдын максаты Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2020-жылга бюджетинин аткарылышынын жыйынтыктарын бекитүү болуп саналат.