“Аксакалдар соттору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 26 “Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына инвентаризация жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгынын негизинде жүргүзүлгөн инвентаризациялоонун алкагында, аталган мыйзамды Кыргыз Республикасынын Конституциясына шайкеш келтирүү максатында даярдалган.
Аталган долбоор боюнча сунуштарды жана сын-пикирлерди Бишкек ш., Киев, 96-б дарегине, [email protected], [email protected] электрондук почтага жөнөтсө болот.
Ошондой эле, төмөнкү номерлер аркылуу да сунуштар кабыл алынат: 0312 62 25 84, 62 25 59, 0555 22 06 54.