Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

“Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” КР Мыйзамынын долбоору коомдук талкууга коюлат

Мыйзам долбоорунун негизги максаты – мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашырууну өркүндөтүү жана оптималдаштыруу, ошондой эле мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө коррупциялык көрүнүштөрдү жокко чыгаруу. 

 Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору  мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жолу менен коррупциялык корүнүштөрдү жокко чыгарууга багытталган. 

Сунуш жана пикирлерди төмөнкү дарекке жөнөтүү зарыл:

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги,  720040,  Бишкек ш., Эркиндик бульвары 58, тел.: +996 (312) 62-53-13 (кош.: 2612; 2613; 2616, 2619); факс: +996 (312) 66-16-45; е-mail: [email protected]

2022-жыл 12-октябрь