Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

“2022-жылдын 3-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” Мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “2022-жылдын 3-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” Мыйзамга кол койду. 

 Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2022-жылдын 17-ноябрында кабыл алынган. 

Мыйзам 2022-жылдын 3-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган кыргыз-өзбек Мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жөнүндө Келишимди ратификациялоону сунуштайт. 

2022-жылдын 3-ноябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жөнүндө Келишимге кол коюлуп, ага 302,29 км аралыктагы участоктор кирген.

  

2022-жыл 29-ноябрь