Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү эл аралык автомобилдик ташуулар жөнүндө Макулдашуу ратификацияланды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “2021-жылдын 8-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Венгрия Өкмөтүнүн ортосундагы жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү эл аралык автомобилдик ташуулар жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2022-жылдын 14-декабрында кабыл алынган.

Мыйзам 2021-жылдын 8-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү эл аралык автомобилдик ташуулар жөнүндө Макулдашууну ратификациялоону сунуштайт.

2021-жылдын 8-апрелинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Венгрия Өкмөтүнүн ортосундагы жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү эл аралык автомобилдик ташуулар чөйрөсүндөгү мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө Макулдашууга кол коюлган, бул ата мекендик автоташуучулар үчүн жагымдуу шарттарды түзөт жана эки тараптуу соода-экономикалык мамилелерди жакшылап өнүктүрүү үчүн Венгрияга жүк ташууну жана Европанын башка өлкөлөрүнө эл аралык транзиттик ташууну көбөйтөт.

2023-жыл 24-январь