Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Садыр Жапаров ардактуу конок катары Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 78 жылдыгына арналган аскердик парадга катышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 9-майда, Россия Федерациясына жасаган расмий сапарынын алкагында Москва шаарындагы Кызыл аянтта Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 78 жылдыгына арналган парадга ардактуу конок катары катышты.

Салтанаттуу жүрүшкө 30 параддык эсепте 8 миңден ашык аскер кызматкерлери жана 125тен ашык аскердик техника катышты.

Жеңиш парады аяктагандан кийин Президент Садыр Жапаров жана Россиянын Президенти Владимир Путин Армения, Беларусь, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстандын лидерлери, ошондой эле делегация башчылары жана Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери менен бирге Александр бакчасындагы Белгисиз солдаттын мүрзөсүнө гүл коюшуп, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун элесине бир мүнөт үн катпай таазим кылышты.

2023-жыл 9-май