Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Садыр Жапаров Москвада Белгисиз жоокердин мүрзөсүнө гүлчамбар койду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 25-февралда, Россия Федерациясына болгон эки күндүк иш сапарын жыйынтыктап, Москва шаарындагы Кремль дубалынын алдындагы Белгисиз жоокердин күмбөзүнө гүлчамбар койду.

Садыр Жапаров Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго 1 мүнөт эскерүү менен таазим кылды, андан соң оркестр Кыргыз Республикасынын гимнин жаңыртты.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын мүчөлөрү дагы Белгисиз жоокердин мүрзөсүнө гүл коюшту.

2021-жыл 25-февраль Москва