Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Москва шаарындагы өрт учурунда адамдарды сактоодо өзгөчөлөнгөндөрдү сыйлоо маселесин кароону Өкмөткө тапшырды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 2016-жылдын 27-августунда Россия Федерациясынын Москва шаарында кыргызстандыктардын курман болушуна алып келген  өрт учурунда адамдарды сактоодо өзгөчөлөнгөндөрдү сыйлоо маселесин кароону Өкмөткө тапшырды.

Мамлекет башчысынын тапшырмасына ылайык, бул маселени кароонун жыйынтыгы боюнча трагедия учурунда адамдарды сактоодо өзгөчөлөнүшкөндөр ведомстволук сыйлыктар менен сыйланышат жана зарыл болсо, мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүлүшөт.

2016-жыл 30-август