Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин Президент Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстан элин Көз карандысыздык күнү менен куттуктады

Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстан элин Көз карандысыздык күнү менен куттуктады.

Куттуктоо телеграммасында Россия Федерациясынын Президенти эбактан берки салт болуп калган достукка жана өз ара урматташууга таянган орус-кыргыз мамилелердин бийик деңгээлин белгилеген.

«Ар кыл чөйрөлөрдөгү кызматташтык активдүү өнүгүүдө, Евразия экономикалык бирлигинин, ЖККУ, КМШ жана башка эл аралык түзүмдөрдүн алкагында күн тартибиндеги регионалдык проблемаларды чечүү боюнча биздин өлкөлөрдүн аракеттерин  координациялоо жакшы жемишин берүүдө », - деп айтылат телеграммада.

Владимир Путин Россия менен Кыргызстандын ортосундагы өз ара пайдалуу байланыштардын  бүт комплекси мындан ары да арбый бере турганына ишеним билдирди.

Россия Федерациясынын Президенти кыргызстандыктарга тынчтык жана бакубатчылык каалады.

2016-жыл 30-август