Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 12-сентябрда өлкөнүн Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Арашан айылынын мечитинде Курман айтка карата майрамдык айт-намазга катышты.
Андан кийин Мамлекет башчысы «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде 2010-жылдын 7-апрелинде курман болгондордун жаркын элестерин эскерди. Ошондой эле Президент «Ата-Бейит» комплексиндеги 1916-жылдагы окуялардын жүрүшүндө курман болгондорун Мемориалына барып, куран окутууга катышты.