Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин чечими менен жаш курагы 100 жылдан ашкан ар бир кыргызстандыкка карылардын Эл аралык күнүнө байланыштуу материалдык жардам берилди.
Мамлекет башчысынын буйругу менен жаш курагы 100 жылдан ашкан өлкөнүн 238 жаранынын ар бирине 10 000 сом өлчөмүндө материалдык жардам берүү үчүн 2 млн 380 миң сом бөлүндү.
КР Президентинин Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Аалы Карашев, КР Президентинин Аппарат жетекчисинин орун басары Мира Карыбаева жана КР Президентинин кеңешчиси Икрамжан Илмиянов бүгүн, 1-октябрда жаш курагы 100 жылдан ашкан кыргызстандыктарга барып, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин атынан бир жолку социалдык колдоо иретинде акчалай каражатты жана майрамдык дасторконуна азык-түлүк корзинасын тапшырышты.
Президенттик Аппараттын өкүлдөрү Мамлекет башчысынын атынан аларды карылардын Эл аралык күнү майрамы менен куттуктап, ден соолук жана бакыт-таалай каалашты. Алар Президент Алмазбек Атамбаев социалдык жана пенсиялык камсыздандыруу маселелерине дайыма өзгөчө көӊүл буруп, улгайган адамдарга такай жардам берип келатканын белгилешти.
Мамлекет башчысы бүт өмүрү азыркы жана келечек муундарга жаратман эмгектин үлгүсү болгон ушундай асыл адамдар биздин катарыбызда турганына сыймыктанат.
Мисалы, КР Президентинин кеңешчиси Икрамжан Илмиянов барган Кыргызстандын эң кары адамы Айлар апа быйыл 117 жашка толду. Анын 5 баласы, 27 небереси, 78 чөбөрөсү жана 3 кыбырасы бар. Улуу ата мекендик согуш жылдары Айлар апа оорукта эмгектенген.
КР Президентинин Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Аалы Карашев 103 жаштагы Сейне Коңуровага, ал эми КР Президентинин Аппарат жетекчисинин орун басары Мира Карыбаева 100 жаштагы Татьяна Устинова менен 101 жаштагы Сайна Тойгонбаевага барды.
Ошондой эле Президент Алмазбек Атамбаевдин атынан ар кайсы региондордо турган, жаш курагы 100 жылдан ашкан кыргызстандыктарга акчалай каражаттар менен белектерди райондордун, облустардын жана шаарлардын башчылары тапшырды.