Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев бир катар чет мамлекеттердин Элчилеринен Ишеним грамоталарды кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев  бүгүн, 26-октябрда Япониянын, Ирандын, Франциянын, Кытайдын, Шри-Ланканын, Ирландиянын, Австриянын, Ватикандын жана Молдованын Толук жана Ыйгарым укуктуу Элчилеринен Ишеним грамоталарын кабыл алды.

Өз сөзүндө Алмазбек Атамбаев дипломатиялык миссиялардын башчылары менен кыргыз жергесинде жылуу учурашып, аларды ардактуу жана жооптуу миссиясынын расмий башталышы менен куттуктады.

Президент жаңы Элчилердин ишмердиги Кыргыз Республикасы менен алар өкүлү болуп эсептелген өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты активдештирүүгө өбөлгө болооруна ишеним билдирди.

«Андай жакшы мисалдар бар, айрым Элчилер менин колумдан мамлекеттик сыйлык алышты. Анткени баары Элчилердин өздөрүнө байланыштуу. Элчи бир нече жыл ичинде мамилелерди же жакшыртат, же начарлатат, андайлар да болот. Мен сиздердин ишмердигиңиздер эки тараптуу мамилелерди бекемдөөгө, биздин өлкө менен сиздер өкүлү болуп эсептелген мамлекеттер ортосундагы достукту мындан ары да чыңдоого багытталат деп үмүттөнөм», - деди Президент. 

Алмазбек Атамбаев эгемендиктин 25 жылы ичинде Кыргызстан татаал жолду басып өтүп, башынан эки революцияны өткөргөнүн белгиледи.

«Украинадагыдай эле, бизде да кырдаал опурталдуу болчу, акыркы жолу бийликти басып алуу, төңкөрүш жасоо аракеттери мындан 3 эле жыл мурда болду. Ошого карабастан, элибиздин кеменгердиги жана Жараткандын колдоосу менен биз өз жолубузду таба алдык. Азыр биз күн, ай, жыл өткөн сайын бутубузга бек туруп, өзүбүз тандаган жол менен ишенимдүү алга баратабыз. Экономикабыз чыңдалууда, жарандык коом өнүгүп жатат. Эң башкысы, Кыргызстанда туруктуулукту бузууга мүмкүн эмес. Тандаган жолубуз туура болгондуктан, келечекте бийликти басып алуу аракеттери дагы болооруна мен ишене албайм. Мен эми революция болооруна да ишенбейм. Анткени Кыргызстан бүгүн демократиялуу, чыныгы эркин адамдардын өлкөсүн куруу жолунда баратат. Бизде күчтүү жарандык коом бар. Биз кийинки баскычтагы эң башкы милдетти аткарууда – өлкөнүн экономикасын чыңдоо иишинде сиздердин колдооңуздарга муктажбыз», - деди Мамлекет башчысы. 

Анын айтымында, быйыл декабрь айында референдум өткөрүү болжолдонууда. Ал Кыргызстанда авторитаризмдин кайра жаралышы үчүн өбөлгөлөрдү четтетүүгө багытталган. 

Мындан тышкары, Конституцияга киргизиле турган оңдоолор күч түзүмдөрүн жана прокуратура органдарын реформалоо үчүн шарт түзөт. Муну менен биз бизнести текшерген органдардын санын кескин азайтууга жетишебиз. «Башкача айтканда, бул Кыргызстанда ишкерлер үчүн бейиш түзүүгө мүмкүндүк берет. Текшерүүчүлөрдү азайтып, колдоону көбөйтөлү деп жатабыз. Муну Парламент да, Кыргызстан эли да колдойт деп ойлойм.  Сиздердин өлкөлөрдөн келген бизнес  өкүлдөрү үчүн Кыргызстанда абдан чоң мүмкүнчүлүктөр ачылат. Биздеги шарттар региондо да, КМШда да эң жакшы шарттар болот», - деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.  

Япония менен кызматташуу тууралуу айта келип, Президент Алмазбек Атамбаев Премьер-министр Синдзо Абэнин өткөн жылдагы Кыргыз Республикасына расмий визити кыргыз-япон мамилелеринин тарыхында жаңы, жаркын баракты ачканын белгиледи.

«Анын визити эң жогорку деңгээлде жана өтө жылуу достук маанайда өттү. Албетте, мен инвесторлор үчүн бардык шарттарды түзөбүз деп бекеринен айткан жокмун. Мен биздин өлкөлөр ортосундагы мамилелелер ачык-айкын долбоорлорго өтүшүн каалайт элем. Эми бул региондо Кыргызстан инвестициялар үчүн эң пайдалуу багыт экенин япониялык компаниялар түшүнүшү керек. Биз мындан ары да инвесторлор үчүн бардык зарыл шарттарды түзөбүз. Бул жаатта мен экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-япон комиссиясынын ишин жандандыруунун мааниси зор экендигин белгилегим келет. Бизге гранттык каражаттарды, анын ичинде ачык шайлоону өткөрүүгө да каражат бөлүп, бизди ар дайым колдоп келатканы үчүн Япониянын жетекчилигине ыраазычылык билдирем», - деди Мамлекет башчысы.  

Президент Алмазбек Атамбаевдин айтымында, ал өткөн жылдын сентябрь айындагы Тегеранга болгон өзүнүн визитин жылуу сезимдер менен эскерет. Кыргыз-иран мамилелеринин баардык чөйрөлөрүндө кызматташтыкты активдештирүү боюнча Иран жетекчилиги менен жетишилген келишимдер – бул визиттин эң маанилүү жыйынтыгы болуп саналат.

«Бизди көп нерселер байланыштырып турат.  Эсимде, мен Иранга барганда тарыхы 100-200 жылдык кээ бир өлкөлөр тарыхы миңдеген жылдарга созулган улуу Иран мамлекетине үйрөткүсү келгени таң калтырарын айткан элем. Тарыхты окугандар бир кезде Индиядан Грецияга чейин созулуп жаткан фарси империясын жакшы билишет. Биз Иран Президенти Хасан Рухани мырзанын Бишкекке келишин чыдамсыздык менен күтөбүз», - деп белгиледи Президент.

Кыргызстан менен Франция ортосундагы кызматташтыкка токтолуп, Мамлекет башчысы эки тараптуу мамилелердин сезилерлик активдешкенин белгиледи.

«Мен өткөн жылы эки жолу Францияда болдум. Франсуа Олланд мырза менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында артыкчылыктуу багыттар боюнча ачык-айкын келишимдерге жетиштик. Тилекке каршы, Францияда болуп өткөн таргедиялуу окуялар, радикалдуу терроризмдин толкуну  кандайдыр бир деңгээлде биздин мамилелердин өнүгүшүнө тоскоол болду. Бирок сиз, Элчи мырза, бул иштин алга жылдырасыз деп ойлойм. Мен дагы бир жыл иштейм, ошондуктан ушул мезгил ичинде жакшы натыйжаларды көргүм келет. Биздин элдерибиз ортосундагы жылуу мамиле реалдуу долбоорлор менен толукталат деп ишенем. Албетте, бирок франциялык компаниянын Чолпон-Атадагы ат майданын курууга катышканын биздин биргелешкен аракеттерибиздин натыйжасы катары баалашыбыз керек. Бул эл аралык сертификат ала турган КМШ өлкөлөрүндөгү алгачкы ат майданы болот. Биз башка дагы реалдуу натыйжаларды жана инвесторлорду күтөбүз », - деди Алмазбек Атамбаев.  

Президент Кыргызстан-Кытай мамилелерине да токтолду.

«Президент болуп иштеген 5 жыл бою мен Кытай – ишенимдүү кошуна, ал Кыргызстандын гүлдөп-өнүгүшүн каалайт жана бул биздин кошунабыз эч убакта кандайдыр саясий шарттарды койбойт, доомат артпайт жана өз жүгүн бизге оодара салбайт деп дайыма айтып келем.  Ушундай кошуна менен биздин жолубуз бар.  Анан, албетте, менин досум, мага жакын адам Төрага Си Цзиньпиндей жетекчиси менен Кытай Эл Республикасынын да жолу бар. Биргелешип иштеп жүргөн жылдар ичинде мен бир да жолу Си Цзиньпин мырзадан “жок” деген сөз уккан жокмун. Кыргызстан үчүн эмне сурасам да, ал ар дайым бизге жардам берүүгө мүмкүнчүлүк таап келет», - деди Алмазбек Атамбаев.

Президенттин айтымында, бүгүн күн тартибинде «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан»  темир жолун куруу долбоорун жүзөгө ашыруу маселеси турат.

«Бир тууган Өзбекстан эли өлкө Президенттигине Шавкат Миромонович Мирзиёевду шайлайт деп үмүттөнөм. Мен бул инсан менен дээрлик 10 жылдан бери таанышмын жана жөн тааныштыктан өткөн мамилебиз бар. Кытайдын да, Кыргызстандын да, Өзбекстандын да кызыкчылыктары үчүн  тигил же бул себептерден улам токтоп келген көптөгөн долбоорлорду жүзөгө ашыра турган мезгил келди деп ойлойм», - деп, Мамлекет башчысы келерки жумада Кыргызстанга өкүлдөрү келе турган Кытай Өкмөтүнө ыраазычылык билдирди.

Алмазбек Атамбаев Кыргызстан Шри-Ланка Демократиялык Социалисттик Республикасы менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин белгиледи.

«Биз Шри-Ланка элине тынчтык жана гүлдөп-өнүгүүнү каалайбыз. Алгачкы Элчи биздин өлкөлөр ортосундагы мамилелерге жаңы дем берип, бул мамилелерди реалдуу иштер менен толуктоого өз салымын кошот деп үмүт кылам», - деди Президент.

Өлкө башчысы Ирландия менен достук мамилелерди өнүктүрүүгө чоң маани бере тургандыгын белгилеп, саясий жана соода-экономикалык байланыштардын мындан ары тереңдей берерине ишеним артты.

«Ирландиялыктар абдан күчтүү жана өзөгү бекем эл. Элчи мырза, сиз Кыргызстанда активдүү жана максаттуу иштейсиз деп үмүт кылам. Биз Ирландиядан инвестицияларды, туристтерди күтөбүз, биздин силерге көрсөтө турган көп нерселерибиз бар», - деди Президент.

Алмазбек Атамбаев кийинки жылдары кыргыз-австриялык мамилелер кыйла ургаалдашканына токтолду.

«Биздин өлкөлөрдү тыгыз байланыштыра турган реалдуу жана ачык-айкын долбоорлорду күтөбүз. Биз көп жагынан Австриядан үйрөнөбүз. Мен ар дайым Кыргызстанды бизнес үчүн бейиш өлкөгө айландырууну, менин Мекенимде бизнес жасагысы келгендер үчүн бардык шарттар болсо деп кыялданчумун. Өлкөнүн өнүгүшү үчүн кичи, орто жана чоң бизнес гүлдөп-өнүгүшү керек. Карапайым адамдар бай болсо, өлкөдө бизнес өнүксө, бизнес жакшы жашаса, бүт өлкө жакшы жашайт», - деди Президент. Ал декабрь айында өтө турган референдумдан соң өз ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин кичи, орто, чоң бизнес, инвесторлор Кыргызстанда өздөрүн сууда сүзгөн балыктай сезиши үчүн көп нерселерди жасаганга мүмкүнчүлүк пайда болорун айтты. Анткени бизнести салык инспекциясы гана текшерип калат.

Мамлекет башчысы Ватикандын тынчтыкты сүйгөн гумандуу ишмердигин колдой турганын билдирди.

«Католицизмде жүрүп жаткан реформалар католик чиркөөсүнүн  жетекчилиги мезгил менен тең адымдап баратканын билдирет.  Кечээ күнкү кремациялоого уруксат берүү чечими өз тарапташтарына кам көргөн кайсы гана дин болбосун мезгил талабынан артта калбоого тийиш экенин көрсөтөт. Буга бардык диндер, албетте, мусулмандар да үйрөнүшү керек», - деди Мамлекет башчысы.

Алмазбек Атамбаев Кыргызстан менен Молдова ортосундагы жакшы мамилелерди да белгиледи.

Ал Молдовадагы президенттик шайлоо тынч өтүшүн каалады. 

«Мен Молдованын тынчтык жолдо өнүгүшүн абдан каалайм. Молдова элинин гүлдөп-өнүгүшүн тилейм», - деди Президент.

Сөзүнүн аягында Мамлекет башчысы Элчилердин ишине ийгилик, ал эми алардын үй-бүлөлөрүнө – бак-таалай жана бекем ден соолук каалады.

Ал Элчилердин ишинин натыйжалары өлкөлөр ортосундагы достуктун жана кызматташуунун өнүгүшүнө өбөлгө болооруна ишенерин билдирди.

Маалымат иретинде:

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевге Ишеним грамоталарын төмөнкү чет өлкөлүк дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн башчылары тапшырышты:

- Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси  Ёсихиро Ямамура;

- Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси  Али Моджтаба Рузбахани;

- Француз Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Микаэль Ру;

- Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Сяо Цинхуа;

- Шри-Ланка Демократиялык Социалисттик Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси  Локку Кетагодаже Джаянат Чандрасири Перера;

- Ирландиянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси  Эдриан Макдэйд;

- Австрия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси  Герхард Сайллер;

- Апостол Нунцияларынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси  Фрэнсис Ассизи Чулликатт;

- Молдова Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Думитру Брагиш;

2016-жыл 26-октябрь