Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев жумушчу сапар менен Ош жана Баткен облустарына учуп кетти

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 9-10 ноябрда жумушчу сапар менен Ош жана Баткен облустарында болот.

Жумушчу сапардын алкагында Мамлекет башчысы Ош жана Кызыл-Кыя шаарларындагы физкультура-денсоолукту чыңдоочу комплекстеринин ачылыш аземдерине катышат.

Президент Алмазбек Атамбаев ошондой эле Баткен облусундагы чек ара тозотунун ачылышына да катышат.

Андан соң 10-ноябрда Мамлекет башчысы атайын полктун жаңы имаратын, ошондой эле Баткен районундагы мектепти ачат.

Мындан тышкары, Президент Алмазбек Атамбаев Ош-Баткен автожолунун Ак-Татыр–Исфана тилкесинин ачылышына катышат.

2016-жыл 9-ноябрь