Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаевдин Кыргыз Республикасынын телекөрсөтүү жана радио кызматкерлеринин күнү менен куттуктоосу

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

 «Урматтуу телекөрсөтүү жана радио кызматкерлери!

Дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда маалымат таратуунун жаңы түрлөрү пайда болуп, атаандаштык болуп көрбөгөндөй күчөгөнүнө карабастан, теле жана радио коомдук пикирге эң таасирдүү курал бойдон калууда.

Ааламдашуу процессинин аркасынан жаңылыктардын, маданияттардын түрлөрү, жаңы тажрыйбалар кирип, адамдардын жана бүтүндөй коомдордун жашоосун өзгөртүп жатат. Ошону менен катар ааламдашуу толкунунда ар бир элдин өз алдынчалыгын, кайталангыс маданиятын жана тилин сактап калуу маселеси күн тартибине чыкты. Бул улуу милдет биринчи кезекте сиздерге, телекөрсөтүү жана радио кызматкерлерине жүктөлгөн.

Азыр угармандар менен көрөрмандардын талабы өстү – жалган, жасалма, сырткы эффектке гана басым жасаган берүүлөрдүн күнү бүтүп баратат. Анын үстүнө адамдар жүрөктүн үшүн алган оор маалыматтардан жана чылкый саясаттан жадап, мээримге, боорукерликке жана адамгерчиликке чакырган берүүлөргө муктаж. Демек, теле менен радио аркылуу адамдарыбызды агарткан жана мыкты тажрыйбаларды үйрөткөн, билимин тереӊдетип жана руханий дүйнөсүн байыткан программаларды жаратуу үчүн тынымсыз изденүү зарыл.

Кыргызстан санариптик форматка өтүү менен маалымат технологиясына карай чоӊ кадам жасады. Эми программалар ар бир адамдын турмушуна жана жүрөгүнө жакын болушу үчүн сапатын арттыруу милдети турат.

Азыркы коогалуу заманда өлкөбүздүн эгемендиги менен улуттук коопсуздугубузду чыңдоо милдети турат. Бул милдетти ишке ашырууга журналисттер да өз салымын кошууга тийиш.

Быйыл мамлекеттүүлүгүбүз менен биримдигибизди бекемдөөгө түрткү берген орошон окуялар өттү. Айрыкча кыргыз элинин кайталангыс маданий мурасы менен салттарын даӊазалаган II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын бүт дүйнөгө таратууда телерадионун ролу зор болду. Сиздердин аракет менен мээнеткеч, таланттуу калкы бар, көөнө тарыхка жана маданиятка ээ өлкөбүздүн образы жаралууда.

Мамлекетибизди чыңдоо, ынтымак-ырашкердикти сактоо аркылуу бакыбат жана гүлдөгөн Кыргызстанды куруу телерадиодо негизги багыт болуп калууга тийиш.

Кесиптик майрамыңыздар кут болсун, кымбаттуу телерадио кызматкерлери! Бардыгыңыздарга чың ден соолук, бакыт-таалай жана чыгармачылык ийгиликтерди каалайм!

Кыргыз Республикасынын    Президенти            Алмазбек Атамбаев».

2016-жыл 8-декабрь