Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 18-декабрда мамлекеттик визит менен Индия Республикасына учуп кетти.
Визит маалында Мамлекет башчысы Индия Президенти Пранаб Кумар Мукержи, Индия Вице-президенти Мохаммад Хамид Ансари, Индия Премьер-министри Нарендра Моди менен жолугат жана кыргыз-индия бизнес форумга катышат.
Визит алкагында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландаштырылган.