Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Мыйзамды КР Жогорку Кеңеши 2016-жылдын 16-ноябрында кабыл алган.
Мыйзамдын максаты Кыргыз Республикасынын финансы рыногунда жаңы финансылык инструменттерди, атап айтканда, төмөндөгү исламдык баалуу кагаздарды (сукук) киргизүү болуп саналат:
1. Исламдык ижаралык сертификаттар (Сукук аль Ижара);
2. Исламдык долбоордук каржылоо сертификаттары (Сукук аль Истисна);
3. Исламдык үлүштүк катышуу сертификаттары (Сукук аль Мудараба);
4. Исламдык инвестициялык агенттик сертификаттары (Сукук аль Уакала Би Аль Иститмар);
5. Исламдык өнөктөштүк сертификаттары (Сукук аль Мушарака).
Кабыл алынган мыйзамдын негизинде исламдык баалуу кагаздарды чыгаруунун жана жүгүртүүнүн өзгөчөлүктөрү жөнүндө жаңы 61-бап киргизилип, анда исламдык баалуу кагаздарды чыгарууга талаптар такталды, исламдык баалуу кагаздарды жабуу маселелери боюнча ченемдер толукталды, исламдык атайын финансылык компаниянын уюштуруу-укуктук формасы аныкталды ж.б.у.с. Ошондой эле Мыйзам жаңы финансылык инструменттердин киргизилишине байланыштуу теминдер жана аныктамалар менен толукталды.
Мыйзам расмий жарыялангандан он беш күндөн кийин күчүнө кирет.