Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «2015-жылдын 29-июлунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Индонезия Республикасынын Өкмөтүнүн, Ислам өнүктүрүү банкынын, Жасалма уруктандыруу боюнча Сингосари улуттук борборунун жана Кыргыз мал чарба жана жайыттар илимий-изилдөө институтунун ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө Меморандумду ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2016-жылдын 16-ноябрында кабыл алынган.
Меморандумдун максаты – жергиликтүү калктын малынын продуктуулугун жакшыртуу, эл аралык стандарттарга ылайык малды жасалма жол менен уруктандыруу ишиндеги тажрыйбаларды жана билимдерди өздөштүрүү.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып, 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.