Иран Ислам Республикасынын Президенти Хасан Роуханинин Кыргыз Республикасына расмий визитинин алкагында “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында эки тараптуу документтерге кол коюу аземи болуп өттү.
Президент Алмазбек Атамбаевдин жана Иран Президенти Хасан Роуханинин катышуусу менен төмөнкү документтер кабыл алынды жана кол коюлду:
- Иран Ислам Республикасынын Президенти Хасан Роуханинин Кыргыз Республикасына расмий визитинин жыйынтыктары боюнча Биргелешкен билдирүү;
- Иран Ислам Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы 2016-2026-жылдарга узак мөөнөттүү кызматташтык Программасы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Иран Ислам Республикасынын ортосундагы баңги заттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз өндүрүүнүн, айлантуунун жана пайдалануунун алдын алуу чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу Меморандум;
- КР Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен ИИР Кооперация, эмгек жана социалдык бакубатчылык министрлигин ортосундагы кызматташуу ниеттери жөнүндө Меморандум;
- КР Саламаттык сактоо министрлиги менен ИИР саламаттык сактоо министрлигинин ортосунда саламаттык сактоо, медицина, фармацевтика жана медициналык жабдуулар чөйрөлөрүндө кызматташуу ниеттери жөнүндө Меморандум;
- ИИР Маалыматтык жана телекоммуникациялык технологиялар министрлиги менен КР Маалыматтык технологиялар жана байланыш Мамлекеттик комитетинин ортосунда кызматташуу ниеттери жөнүндө Меморандум;
- ИИР Маданият жана ислам багыты министрлиги менен КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин ортосунда маданий алмашуулардын үч жылдык программасы